skip to main | skip to sidebar

Сиздин К.О.

Pages

  • Башкы бет

вторник, 22 ноября 2011 г.

Муңайган номур

Бектур бул жерде жазгандан кийин, @mimikadze экөөбүз бир сонун унаанын номурун көрдүк.
P.S. Кызык, "унылое говно" кыргызча "капаланган бок" деп которулабы?
P.P.S. Капаланган эмес, муңайган экен. Тилчи.комго чоң рахмат.
Posted by Kalys Osmonov at 13:36 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest
Labels: бишкек, кыргызстан, унаа

воскресенье, 2 октября 2011 г.

Илимий тексттерди которуу

Мага илимге байланыштуу тексттерди которуу абдан кыйын болду.
Кийинки которулуш кандай сапатта деп ойлойсуз, урматтуу окурман?


Целью исследования была оценка осведомленности выборочной популяции и ее готовности поддерживать закон, регулирующий потребление табачных изделий в Кыргызской республике 
Изилдөөнүн максаты тандап алынган популяциянын кабардар болгонун жана Кыргыз Республикасындагы тамеки буюмдарынын колдонуусун жөнгө салуучу мыйзамын колдоо даярчылыгын баалоо.

Материалы и методы: Данное исследование было спланировано как поперечное со сбором данных через заполнение специально разработанного исследователями опросника. 
Материалдар жана ыкмалар: Изилдөөчүлөр тарабынан иштеп чыгарылган атайын сурап билүү аркылуу маалымат чогултуусу менен туурасынан кеткен изилдөө катары пландаштырылган.

Результаты и их обсуждение: Мы обнаружили, что в целом респонденты поддерживали запрет курения в тех местах, где оно уже было запрещено, более того, они поддерживали полный запрет курения в тех местах, где в настоящий момент существовал частичный запрет на курение. Данный доказанный результат может использоваться правительством в дискуссиях, посвященных обсуждению необходимости повсеместного запрета курения. Места, где курение запрещено частично, следует в ближайшее время сделать полностью запрещенными для курения, так как население уже готово к таким действиям, а исследования показали, что не существует безопасного уровня табачного дыма. 
Жыйынтык жана аны талкуулоо: Негизи суралгандар тамеки чегүүгө тыюу салынган жайларда толук тыюу салынганын, ал гана эмес, азыркы толук эмес тыюу салынган жайлардын да толук тыюу салуусун колдогонун таптык. Бул далилденген жыйынтыкты бардык жерде тамеки тартууну тыюу салуу жөнүндө талкулоого арналган дискуссияларда өкмөт колдонсо болот. Тамеки тартууга толук эмес тыюу салынган жайларды жакын арада толук тыюу салыш керек, ага калк азыр даяр, ал эми изилдөөлөр боюнча тамеки түтүнүнүн коркунучсуз деңгээли болбойт, бүт деңгээлдер зыян.
P.S. Эгер Тилчи онлайн сөздүгү болбосо бул текстти которо албайт болчумун. 
Posted by Kalys Osmonov at 23:18 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest
Labels: кыргыз тили

пятница, 5 августа 2011 г.

FictionBook 2 китептерин Amazon Kindle менен окуйбуз


Орус адабиятын эң оңой түшүнөм. Менде 50 гигабайтка жакын fictionbook2 форматында китептердин архиви бар(көбү орусча). Менин киндлим fb2 форматын колдобойт, бирок awz, mobi, doc, pdf форматтары иштейт.
Fb2 форматын mobi форматына которуу үчүн Calibre  (акысыз, win mac linux да иштейт) деген программаны колдондум. Mobi форматындагы китепти киндлга дата-кабель аркылуу, же электрондук кат менен жиберсе болот.
Posted by Kalys Osmonov at 11:39 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest

вторник, 19 июля 2011 г.

Чоң Туз


Өткөн жуманын ишемби, жекшемби күндөрү мен Чоң Туз шахтасына барып келдим. Ал шахтада астма жана аллергиялык оорулар менен ооругандар даарыланышат. Ошонусу менен ал жер белгилүү. Буга окшогон шахталар дүйнө жүзү боюнча аз. Биздики болсо бийиктикте жайгашканы менен уникалдуу.
Даарыланып жаткандар күндүзү сыртта эс алып, түнкүсүн шахтанын ичинде укташат. Туз абадагы бүткүл микроорганизмдерди жок кылып, адамдардын өпкөлөрүнө бул таза аба пайда келтирет.
Түнөөгө жараган шахталар 100 метрге чейин тоо тарапка созулат. Андан ары иштелип жаткан шахта бир чакырымга чейин тоонун ичине кирген.
Шахтанын ичинде 1500 жыл мурун сель учуранда үңкүргө калып калган адамдардын нерселери жана айбандарынын калдыктары табылган. Шахтанын дубалынан шырдак, туш кийиз, эчкинин, топоздун баласынын сөөк, тери, жүндөрү көрүнүп турат.
Мен ал жерде бир күн түнөдүм, кызык болду. Ичи караңгы, суук, жымжырт. Коркконум бир эле, жер титирөө болуп кетип шахтанын ичинде калып каламбы деген. Бирок түн тынч өттү.
Эгер Кочкордун жанынан өтүп бара жатсаңыз бул жерге сөзсүз кирип кеткиле.
Posted by Kalys Osmonov at 20:58 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest
Labels: кыргызстан, чоң туз

пятница, 15 июля 2011 г.

Тил жана гугл трэнслейт

Бул шилтемеде Тилек Мамутов тил кантип гугл трэнслейтте пайда болоору жөнүндө жазды. Өтүп барып, окусаңыз, абдан кызык. http://www.tilekus.com/projects/internet-in-kyrgyz/google-translate.
Posted by Kalys Osmonov at 22:51 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest
Labels: гугл, кыргыз тили

воскресенье, 20 марта 2011 г.

Убунту жана ө, ү, ң тамгалары.

OpenSUSE ден Ubuntu га отурдум. Сюзиден кыргыз тамгаларын орното албай койгом, убунтуда кыргыз тамгалары "коробкадан" колдоосу абдан жакты, андан башка programmer-dvorak да "коробкадан" иштеди, сюзиден кичине кыйналган болчумун иштетиш үчүн.
Posted by Kalys Osmonov at 18:30 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest

среда, 9 февраля 2011 г.

Жеке желе


ЭЭМлардын өнүгүшүнүн таңында алар абдан чоң, бир нече бөлмөлөрдөн турган аггрегаттар эле. Алардын борбор процессору жана адамдар иштеген бир нече терминалы бар болгон. Ондогон жылдардан кийин ал ЭЭМлардын көлөмү кичирейип, жеке компьютерлер популярдуу болушу "бир процессор - бир терминал" деген ойго элди көндүрдү.
Бирок биздин күндөрү интернеттин, көп компьютерлерден турган кубаттуу дата-борборлордун өнүгүшү менен биз "бир борбордук процессор - көп терминал" деген концепцияга алып келди.
Документтерибизди Google Docsдо сактайбыз, сүрөттөрдү Picasa, Flickr да, файлдарыбызды Dropboxто, жазган программаларыбыздын кодун Github, Bitbucketде, пландарыбыз Google Calendar да, кыска тексттерди Evernote то, кино-, мульт-чыгармаларды youtube, vimeo, blive.kg ден көрсөк болот. Жеке компьютер дүйнөлүк интернеттеги серверлердин терминалы болуп, баштапкы концепцияга кайрылып келдик. Жеке компьютерлер өнүгүп жатканда мындай болоорун эч ким билген эмес. Келечекте кандай түрдө иштейт экенбиз? Ошол жөнүндө төмөндө ой-толгоолоруңузду калтырыңыз.
Posted by Kalys Osmonov at 21:42 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest
Labels: интернет, ЭЭМ

четверг, 27 января 2011 г.

Интернет коому

Бул күндөрү бир абдан кызык китеп окуп жатам. "Нетократия" деген.
Ал китепте маалымат технологиялары коомго кылган таасири жөнүндө политология,
философия, пиар илимдеринин көз карашы менен жазылган. Окуган сайын көп нерселерди
башкача карап баштадым.

ЖМК (жалпы маалымат каражаттары)нын таасири тоодой экен. Өзгөчө биз башыбыздан
өткөзүп жаткан интернеттин таралышы жана ал кантип коомду өзгөртөөрү кызыктырды.
Китепти аягына чейин окуп бүтө элек болсом да, бул макаланы жазганга чечилдим.
Твиттер жаны гана бизге келип жатканда, Болгарияда твиттер аркылуу бир айым өлкөнүн
борбор аянтына элүү миң адам чогултуп, өзүлөрүнүн талаптарын айтышкан. Бизде
2010-жылдын апрелдеги окуялар болуп жатканда, мен твиттер аркылуу маалымат алып жаттым.

Интернет аркылуу чынчыл, ачык коомго, өкмөткө жеткенге мүмкүн деп мен жана "Нетократиянын"
авторлору ишенебиз. Бул бир гана өлкөнүн ичинде эмес, бүткүл дүйнө масштабында
иштейт. Wikileaks сайтында сырланган документтердин жарыка чыгуусу бул маалымыт коомунун
күч алып бара жатканынын дагы бир белгиси.

Интернет мүмкүнчүлүктөрдөн тышкары жоопкерчиликти талап кылат. Улуу Британияда
бир адам самолеттун учушун улам-улам кечиртип жатканынан, твиттерге "Эгер самолет
учпаса, аны жардырып салам" деген твити үчүн соттолгон.

Биздин саясий, өкмөт ишмерлери интернетте активдүү болуп баштаганына абдан ыраазымын.
Ошентип, урматтуу окурман, биздин коомдо чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошол
өзгөрүүлөргө даяр болсоң, сага жакшы болот.

Posted by Kalys Osmonov at 15:43 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest
Labels: интернет, коом, кыргызстан
Кийинки Мурунку Башкы бет

Тэгдер

  • аалам (1)
  • адабият (1)
  • айти (1)
  • аялзат (1)
  • бишкек (2)
  • бокс (1)
  • браузер (1)
  • вода (1)
  • гугл (1)
  • жер планетасы (1)
  • илим (2)
  • интернет (3)
  • казак тили (1)
  • карл саган (1)
  • китеп (1)
  • коом (1)
  • космос (1)
  • котормо (1)
  • Куала Лумпур (5)
  • культур-мультур (3)
  • күндөр-түндөр (6)
  • кыргыз тили (5)
  • кыргызстан (6)
  • лайфхак (1)
  • малайзия (1)
  • марс (1)
  • музыка (1)
  • олимпиада (1)
  • петрос-уулу (1)
  • спорт (1)
  • статистика (1)
  • тамак (1)
  • тамаша (1)
  • уикипедия (1)
  • унаа (1)
  • үмүт (1)
  • феррари (2)
  • формула 1 (5)
  • футбол-бутбол (2)
  • чоң туз (1)
  • ЭЭМ (1)
  • curiosity (1)
  • fixmystreet (1)
  • ios (1)
  • kindle (1)
  • london2012 (1)

Архив

  • ►  2013 (3)
    • ►  декабря (1)
    • ►  августа (1)
    • ►  января (1)
  • ►  2012 (10)
    • ►  декабря (3)
    • ►  августа (1)
    • ►  июля (3)
    • ►  июня (1)
    • ►  марта (1)
    • ►  января (1)
  • ▼  2011 (8)
    • ▼  ноября (1)
      • Муңайган номур
    • ►  октября (1)
      • Илимий тексттерди которуу
    • ►  августа (1)
      • FictionBook 2 китептерин Amazon Kindle менен окуйбуз
    • ►  июля (2)
      • Чоң Туз
      • Тил жана гугл трэнслейт
    • ►  марта (1)
      • Убунту жана ө, ү, ң тамгалары.
    • ►  февраля (1)
      • Жеке желе
    • ►  января (1)
      • Интернет коому
  • ►  2010 (23)
    • ►  октября (2)
    • ►  июля (4)
    • ►  июня (5)
    • ►  мая (4)
    • ►  марта (3)
    • ►  февраля (5)
Технологии Blogger.

Шилтемелер

  • Менин англисче блогум
  • Rss.kg - аггрегатор блогов Кыргызстана

Мен жөнүндө

Kalys Osmonov
Просмотреть профиль
 
Copyright (c) 2010 Сиздин К.О.. Designed for Video Games
Download Christmas photos, Public Liability Insurance, Premium Themes