skip to main | skip to sidebar

Сиздин К.О.

Pages

  • Башкы бет

среда, 13 октября 2010 г.

Жаш кыздарга лайфхак

Жакында тааныш кыз бир окуя айтып берди. Айылга барып, көчөдө эле ойноп жүрө берсе, байкеси айтыптыр, алып качып кетет, көчөгө көп чыкпасаңчы деп. Ал укпай коюп, жүргөндө, машинага салып, алып кетишет. Тепкиленип, бошоноюн десе, алы жетпейт, анан  "сүйлөшкөн жигитим бар, боюмда бала болгон", айласы кеткенде "мен СПИД менен ооруймун" дептир. Ошентип, машина кайра эле ал кыздын үйүнө келип калат, байкеси турат, ыкшып. Көрсө байкеси, муну окутайын деп, досторун жиберип коюптур, бирок аягында өзү эле уят болду да, кайдан билиптир, карындашы эмне шумдуктун баарын айтаарын.
Эмнегедир келинчек алып качып келиптир дегенде, кыжырым кайнап, жиним келе берет "Эмне жөн эле келинчек таап, сүйлөшүп алганга мээси жетпейби эркектин" деп. Дагы бир нерсени түшүнбөйм. Мен билгенден, кемпир босогого жатып алып, ала качып келинген кызга "аттап өтсөн бактылуу болбой, күйөөгө жетпей каласың" дешет экен да. Берилген шарттар боюнча, эгер уурдалган кыз АТТАП өтпөй, кемпирди БАСЫП өтсө ал өзүнө жаккан күйөө табып, бактылуу жашаганга жол ачат.
Posted by Kalys Osmonov at 14:43 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest
Labels: культур-мультур, лайфхак
Кийинки Мурунку Башкы бет

Тэгдер

  • аалам (1)
  • адабият (1)
  • айти (1)
  • аялзат (1)
  • бишкек (2)
  • бокс (1)
  • браузер (1)
  • вода (1)
  • гугл (1)
  • жер планетасы (1)
  • илим (2)
  • интернет (3)
  • казак тили (1)
  • карл саган (1)
  • китеп (1)
  • коом (1)
  • космос (1)
  • котормо (1)
  • Куала Лумпур (5)
  • культур-мультур (3)
  • күндөр-түндөр (6)
  • кыргыз тили (5)
  • кыргызстан (6)
  • лайфхак (1)
  • малайзия (1)
  • марс (1)
  • музыка (1)
  • олимпиада (1)
  • петрос-уулу (1)
  • спорт (1)
  • статистика (1)
  • тамак (1)
  • тамаша (1)
  • уикипедия (1)
  • унаа (1)
  • үмүт (1)
  • феррари (2)
  • формула 1 (5)
  • футбол-бутбол (2)
  • чоң туз (1)
  • ЭЭМ (1)
  • curiosity (1)
  • fixmystreet (1)
  • ios (1)
  • kindle (1)
  • london2012 (1)

Архив

  • ►  2013 (3)
    • ►  декабря (1)
    • ►  августа (1)
    • ►  января (1)
  • ►  2012 (10)
    • ►  декабря (3)
    • ►  августа (1)
    • ►  июля (3)
    • ►  июня (1)
    • ►  марта (1)
    • ►  января (1)
  • ►  2011 (8)
    • ►  ноября (1)
    • ►  октября (1)
    • ►  августа (1)
    • ►  июля (2)
    • ►  марта (1)
    • ►  февраля (1)
    • ►  января (1)
  • ▼  2010 (23)
    • ▼  октября (2)
      • Кыргыз тили жөнүндө
      • Жаш кыздарга лайфхак
    • ►  июля (4)
    • ►  июня (5)
    • ►  мая (4)
    • ►  марта (3)
    • ►  февраля (5)
Технологии Blogger.

Шилтемелер

  • Менин англисче блогум
  • Rss.kg - аггрегатор блогов Кыргызстана

Мен жөнүндө

Kalys Osmonov
Просмотреть профиль
 
Copyright (c) 2010 Сиздин К.О.. Designed for Video Games
Download Christmas photos, Public Liability Insurance, Premium Themes