skip to main | skip to sidebar

Сиздин К.О.

Pages

  • Башкы бет

воскресенье, 16 декабря 2012 г.

Гендердик теңдештик


2002 жыл, Ысык-Көл. "Демократия" жайкы лагери Кыргызстандын ар четинен жаш кыз-жигиттерди бир жерде чогултуп, ар кандай кызыктуу тренингдерди, оюндарды өткөзүп жатты. "Гендердик теңдештик" деген тренингде отурам, анын так мазмунун эстей албайм азыр, бирок негизги ою — бул турмуштун ар кайсы тарабында аялдардын эркектерге караганда укуктарынын аздыгы. 1—1.5 саат мээге бул тема жөнүндө маалымат куюп, аягында "Эми, эркектер, аялдар тең дегендер, бул тарапка чогулгула. Ким эркектер аялдарга караганда акылдуурак дегендер ордуңарга калгыла" дешти. Отурган балдар-кыздардын баары туруп, тиги тарапка жөнөштү, мен жалгыз ордумда калдым. Албетте, суроо кетти "Эмнеге антип ойлойсуң?" деген. Мен ага чейин бир фактка абдан кызыккам, эмнеге физика, химия, математика окуу китептеринде аялдардын аттары абдан аз деп. Болгону — Мария Кюри жана Софья Ковалевская. Андан ары кандай дискуссия болгону эсимде жок, бирок тренингдин алып баруучулары өзүнүн көз караштарын мага ишендире алышкан жок.

Азыр блогдор, илимий фильмдер аркылуу илимий жаңылыктарды билип турам. Изилдөөчү аялдардын аттары көп кезигет.

Чынын айтсам, мектепте тарыхты (негизи, гуманитардык сабактарды) жаман көрчүмүн, билбечүүмүн. Көрсө, буга чейин "караңгы" убакыт экен да. Аялдардын илимий иш кылууга шарттары болбоптур. Болсо да, аял эркектердин арасында билим алуу "уят" экен.

Заман өзгөрүп, бүгүн аз-аздан болсо да өзгөрүүлөр болуп жатканына кубанычтамын.
Posted by Kalys Osmonov at 23:15 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest
Labels: аялзат, илим
Кийинки Мурунку Башкы бет

Тэгдер

  • аалам (1)
  • адабият (1)
  • айти (1)
  • аялзат (1)
  • бишкек (2)
  • бокс (1)
  • браузер (1)
  • вода (1)
  • гугл (1)
  • жер планетасы (1)
  • илим (2)
  • интернет (3)
  • казак тили (1)
  • карл саган (1)
  • китеп (1)
  • коом (1)
  • космос (1)
  • котормо (1)
  • Куала Лумпур (5)
  • культур-мультур (3)
  • күндөр-түндөр (6)
  • кыргыз тили (5)
  • кыргызстан (6)
  • лайфхак (1)
  • малайзия (1)
  • марс (1)
  • музыка (1)
  • олимпиада (1)
  • петрос-уулу (1)
  • спорт (1)
  • статистика (1)
  • тамак (1)
  • тамаша (1)
  • уикипедия (1)
  • унаа (1)
  • үмүт (1)
  • феррари (2)
  • формула 1 (5)
  • футбол-бутбол (2)
  • чоң туз (1)
  • ЭЭМ (1)
  • curiosity (1)
  • fixmystreet (1)
  • ios (1)
  • kindle (1)
  • london2012 (1)

Архив

  • ►  2013 (3)
    • ►  декабря (1)
    • ►  августа (1)
    • ►  января (1)
  • ▼  2012 (10)
    • ▼  декабря (3)
      • Көгүлтүр чекит
      • Гендердик теңдештик
      • Феттель — чемпион :(
    • ►  августа (1)
    • ►  июля (3)
    • ►  июня (1)
    • ►  марта (1)
    • ►  января (1)
  • ►  2011 (8)
    • ►  ноября (1)
    • ►  октября (1)
    • ►  августа (1)
    • ►  июля (2)
    • ►  марта (1)
    • ►  февраля (1)
    • ►  января (1)
  • ►  2010 (23)
    • ►  октября (2)
    • ►  июля (4)
    • ►  июня (5)
    • ►  мая (4)
    • ►  марта (3)
    • ►  февраля (5)
Технологии Blogger.

Шилтемелер

  • Менин англисче блогум
  • Rss.kg - аггрегатор блогов Кыргызстана

Мен жөнүндө

Kalys Osmonov
Просмотреть профиль
 
Copyright (c) 2010 Сиздин К.О.. Designed for Video Games
Download Christmas photos, Public Liability Insurance, Premium Themes