skip to main | skip to sidebar

Сиздин К.О.

Pages

  • Башкы бет

пятница, 21 декабря 2012 г.

Көгүлтүр чекит

Бул сүрөт "Вояджер-1" зонду менен 5.9 миллиард чакырым аралыктан тартылган. Сүрөттөгү көгүлтүр чекит — бул Жер. Бул жөнүндө белгилүү астрофизик Карл Саган кийинки сөздөрдү айтып кеткен:

Дагы бир жолу бул чекитке көз салгыла. Бул биз турган жер. Бул биздин үйүбүз. Бул бизбиз. Силер жакшы көргөндөрдүн баары, билгендердин баары бул чекитте. Күн көргөн ар бир адам бул чекитте жашоосун өткөргөн. Адамзаттын тарыхындагы биз көргөн жыргалчылыктын, кыйынчылыктын баары, миңдеген чың диндер, идеологиялар, экономикалык доктриналар, ар бир мергенчи жана жемиш жыйноочу, ар бир баатыр жана коркок, цивилизациянын ар бир тургузуучусу жана кыйратуучусу, ар бир падыша жана дыйкан, ар бир бири-бирин сүйгөн түгөй, ар бир ата-апа, ар бир зээндүү бала, окумуштуу жана саякатчы, ар бир мугалим, ар бир алдамчы саясатчы, ар бир "супержылдыз", ар бир "эң зор лидер", ар бир олуя жана күнөөкөр, бунун баары күндүн шооласында илинген бул кыпында жашаган, болгон.

Жер — бул ааламдын чексиз аренасында абдан кымындай сахна. Даңк жана триумф алдында, бул кыпындын бир бөлүгүнүн көз ирмемдей мөөнөткө кожоюну болуш үчүн, дарыялап кан төккөн генералдар жана императорлор жөнүндө ойлонгула. Бул чекиттин бир бурчунун тургундарынын башка бурчундагы тургундарына кылган чексиз катаалдыктары, алардын ортосундагы пайда болгон түшүнүксүздүктөрү, кантип бири-бирин өлтүрүүнү каалагандары, жек көрүүсүнүн көлөмү жөнүндө ойлонгула.

Биздин короздонуубуз, элестетилген маанилүүлүгүбүз, Ааламдагы биздин привилегиялык абалыбыз тууралуу иллюзия — бунун баары бул күңүрт чекиттин алдында багынып келет. Биздин планета — айланадагы космостун караңгысында чаңдын бир бүртүгү. Бул эбегейсиз боштукта өзүбүздүн адепсиздиктен кокустаган жардам келээрине бир да белги жок.
Жер — азырынча жашоону камтый алган болгону бир гана дүйнө. Биз башка жака жакынкы келечекте кете албайбыз. Конок болуп баруу — ооба, көчүп кетүү — жок. Жагабы-жакпайбы, Жер — бул учурда биздин үйүбүз.

Астрономия оор басырыктуулукту алып келип, мүнөздү бек кылат деп айтышат. Балким, адамзаттын акылсыз кекирейгендигин көргөзүүдө, биздин кымындай дүйнөбүздүн бул алыс сүрөтүнөн ашык эч нерсе жок. Менин оюмча, ал биздин бири-бирибизге кайрымдуу болуу милдетибизди, жоопкерчилигибизди, биздин жалгыз үйүбүз — көгүлтүр чекитти баалоону жана сыйлоону айрыкча белгилейт.
Posted by Kalys Osmonov at 23:50 Отправить по электронной почтеНаписать об этом в блогеПоделиться в XОпубликовать в FacebookПоделиться в Pinterest
Labels: аалам, жер планетасы, карл саган, котормо
Кийинки Мурунку Башкы бет

Тэгдер

  • аалам (1)
  • адабият (1)
  • айти (1)
  • аялзат (1)
  • бишкек (2)
  • бокс (1)
  • браузер (1)
  • вода (1)
  • гугл (1)
  • жер планетасы (1)
  • илим (2)
  • интернет (3)
  • казак тили (1)
  • карл саган (1)
  • китеп (1)
  • коом (1)
  • космос (1)
  • котормо (1)
  • Куала Лумпур (5)
  • культур-мультур (3)
  • күндөр-түндөр (6)
  • кыргыз тили (5)
  • кыргызстан (6)
  • лайфхак (1)
  • малайзия (1)
  • марс (1)
  • музыка (1)
  • олимпиада (1)
  • петрос-уулу (1)
  • спорт (1)
  • статистика (1)
  • тамак (1)
  • тамаша (1)
  • уикипедия (1)
  • унаа (1)
  • үмүт (1)
  • феррари (2)
  • формула 1 (5)
  • футбол-бутбол (2)
  • чоң туз (1)
  • ЭЭМ (1)
  • curiosity (1)
  • fixmystreet (1)
  • ios (1)
  • kindle (1)
  • london2012 (1)

Архив

  • ►  2013 (3)
    • ►  декабря (1)
    • ►  августа (1)
    • ►  января (1)
  • ▼  2012 (10)
    • ▼  декабря (3)
      • Көгүлтүр чекит
      • Гендердик теңдештик
      • Феттель — чемпион :(
    • ►  августа (1)
    • ►  июля (3)
    • ►  июня (1)
    • ►  марта (1)
    • ►  января (1)
  • ►  2011 (8)
    • ►  ноября (1)
    • ►  октября (1)
    • ►  августа (1)
    • ►  июля (2)
    • ►  марта (1)
    • ►  февраля (1)
    • ►  января (1)
  • ►  2010 (23)
    • ►  октября (2)
    • ►  июля (4)
    • ►  июня (5)
    • ►  мая (4)
    • ►  марта (3)
    • ►  февраля (5)
Технологии Blogger.

Шилтемелер

  • Менин англисче блогум
  • Rss.kg - аггрегатор блогов Кыргызстана

Мен жөнүндө

Kalys Osmonov
Просмотреть профиль
 
Copyright (c) 2010 Сиздин К.О.. Designed for Video Games
Download Christmas photos, Public Liability Insurance, Premium Themes