Менин ишке болгон мамилем боюнча ой-толгоолорум жөнүндө жазгым келип жатат.
Мага кичинекей кезимде "сен жалкоосуң" деп көп айтышчуу эле. Чынында эле, чоң ата, чоң апамдын колунда өсүп, алар мени кара жумушка көп иштетпей өстүрүшүптүр. Бирок мен билгенден, качан болбосун, такай китептерди окуганды жакшы корчүүмүн.
Кээ убакта, чын эле жалкоолукка батып, бир эки ай иштебей, пайдалуу эч нерсе кылбаган күндөр да өткөн. Андай учурда "мээмди эс алдырып жүрөм" деп шылтоолоп коем.
Бул күндөр абдан ишке толук өттү. Буйруса, биз жазып жаткан система жакында сатылууга даяр болот.