Казак уикипедиясында макалалар саны жүз миңден ашканына таң калгам, бирок бир нече макалаларды ачып көрсөм, көлөмү аз болчу. Ошондо макалаларда сөздөрдүн санынын арифметикалык орточа маанисин табайын деген ой келип, азыр сизге менин кыска изилдөөмдү сунуш кылам.
Кыргыз, казак, өзбек, орус жана англис тилдериндеги уикипедияларын салыштырдым. 1000 тушкелди макаланы карап чыгып, алардагы сөздөрдүн жана белгилердин арифметикалык орточо маанисин таптым.
Кыргыз, казак, өзбек, орус жана англис тилдериндеги уикипедияларын салыштырдым. 1000 тушкелди макаланы карап чыгып, алардагы сөздөрдүн жана белгилердин арифметикалык орточо маанисин таптым.
Тил | Сөздөрдүн ариф. орточо мааниси | Белгилердин ариф. орточо мааниси | Макалалардын саны |
Кыргыз | 215 | 1741 | 4549 |
Казак | 201 | 1740 | 124960 |
Өзбек | 154 | 1235 | 7853 |
Орус | 468 | 3880 | 812655 |
Англис | 550 | 4219 | 3848719 |
Сүрөт 1 |
Сүрөт 2 |
Сүрөт 3 |