Электрондук китепти 3 жыл колдонуп жатам. Бир жүктөгөндө ондоп китеп жүктөйм. Адбан ыңгайлуу. Бирок бир да кыргызча китепти окуган жокмун. Себеби санарип түрдө кыргызча китептерди кайдан табаарды билбейм.
UPD: гуглдап көрсөм, бир нече булактар бар экен. Мындан ары ушул макалада китептерге айдамаларды чогултайын.
Жаз келе жатат. Жолдордун абалын көрүп, ыйлагың келет.
Өткөн жумада шаар кеңешинин депутаты Эльвира Сариева ИТ жана ММК адистери менен чогулуш өткөрүп, жардам сурады. Жол оңдоого жоопкерчиликтүү уюмдардын сөздөрү боюнча, шаарда болгону 4 жолду оңдош керек экен. Албетте, бул калп. Ал алдамчы эшектерди ордуна коюш үчүн, шаардын абалын мониторинг кылганга электрондук коомдук аспаптар жана ал маалыматты элге жеткизиш үчүн ММК адистеринин колдоосу керек.
Менин салымым эки жуманын ичинде fixmystreet.kg нин мобильдик версиясын чыгаруу. Бул шаардагы оңдоого туура келген объекттердин базасын жыйноого чоң жардам берет деген үмүттөмүн.
Бул сүрөт "Вояджер-1" зонду менен 5.9 миллиард чакырым аралыктан тартылган. Сүрөттөгү көгүлтүр чекит — бул Жер. Бул жөнүндө белгилүү астрофизик Карл Саган кийинки сөздөрдү айтып кеткен:
Дагы бир жолу бул чекитке көз салгыла. Бул биз турган жер. Бул биздин үйүбүз. Бул бизбиз. Силер жакшы көргөндөрдүн баары, билгендердин баары бул чекитте. Күн көргөн ар бир адам бул чекитте жашоосун өткөргөн. Адамзаттын тарыхындагы биз көргөн жыргалчылыктын, кыйынчылыктын баары, миңдеген чың диндер, идеологиялар, экономикалык доктриналар, ар бир мергенчи жана жемиш жыйноочу, ар бир баатыр жана коркок, цивилизациянын ар бир тургузуучусу жана кыйратуучусу, ар бир падыша жана дыйкан, ар бир бири-бирин сүйгөн түгөй, ар бир ата-апа, ар бир зээндүү бала, окумуштуу жана саякатчы, ар бир мугалим, ар бир алдамчы саясатчы, ар бир "супержылдыз", ар бир "эң зор лидер", ар бир олуя жана күнөөкөр, бунун баары күндүн шооласында илинген бул кыпында жашаган, болгон. Жер — бул ааламдын чексиз аренасында абдан кымындай сахна. Даңк жана триумф алдында, бул кыпындын бир бөлүгүнүн көз ирмемдей мөөнөткө кожоюну болуш үчүн, дарыялап кан төккөн генералдар жана императорлор жөнүндө ойлонгула. Бул чекиттин бир бурчунун тургундарынын башка бурчундагы тургундарына кылган чексиз катаалдыктары, алардын ортосундагы пайда болгон түшүнүксүздүктөрү, кантип бири-бирин өлтүрүүнү каалагандары, жек көрүүсүнүн көлөмү жөнүндө ойлонгула. Биздин короздонуубуз, элестетилген маанилүүлүгүбүз, Ааламдагы биздин привилегиялык абалыбыз тууралуу иллюзия — бунун баары бул күңүрт чекиттин алдында багынып келет. Биздин планета — айланадагы космостун караңгысында чаңдын бир бүртүгү. Бул эбегейсиз боштукта өзүбүздүн адепсиздиктен кокустаган жардам келээрине бир да белги жок. Жер — азырынча жашоону камтый алган болгону бир гана дүйнө. Биз башка жака жакынкы келечекте кете албайбыз. Конок болуп баруу — ооба, көчүп кетүү — жок. Жагабы-жакпайбы, Жер — бул учурда биздин үйүбүз. Астрономия оор басырыктуулукту алып келип, мүнөздү бек кылат деп айтышат. Балким, адамзаттын акылсыз кекирейгендигин көргөзүүдө, биздин кымындай дүйнөбүздүн бул алыс сүрөтүнөн ашык эч нерсе жок. Менин оюмча, ал биздин бири-бирибизге кайрымдуу болуу милдетибизди, жоопкерчилигибизди, биздин жалгыз үйүбүз — көгүлтүр чекитти баалоону жана сыйлоону айрыкча белгилейт.
2002 жыл, Ысык-Көл. "Демократия" жайкы лагери Кыргызстандын ар четинен жаш кыз-жигиттерди бир жерде чогултуп, ар кандай кызыктуу тренингдерди, оюндарды өткөзүп жатты. "Гендердик теңдештик" деген тренингде отурам, анын так мазмунун эстей албайм азыр, бирок негизги ою — бул турмуштун ар кайсы тарабында аялдардын эркектерге караганда укуктарынын аздыгы. 1—1.5 саат мээге бул тема жөнүндө маалымат куюп, аягында "Эми, эркектер, аялдар тең дегендер, бул тарапка чогулгула. Ким эркектер аялдарга караганда акылдуурак дегендер ордуңарга калгыла" дешти. Отурган балдар-кыздардын баары туруп, тиги тарапка жөнөштү, мен жалгыз ордумда калдым. Албетте, суроо кетти "Эмнеге антип ойлойсуң?" деген. Мен ага чейин бир фактка абдан кызыккам, эмнеге физика, химия, математика окуу китептеринде аялдардын аттары абдан аз деп. Болгону — Мария Кюри жана Софья Ковалевская. Андан ары кандай дискуссия болгону эсимде жок, бирок тренингдин алып баруучулары өзүнүн көз караштарын мага ишендире алышкан жок.
Азыр блогдор, илимий фильмдер аркылуу илимий жаңылыктарды билип турам. Изилдөөчү аялдардын аттары көп кезигет.
Чынын айтсам, мектепте тарыхты (негизи, гуманитардык сабактарды) жаман көрчүмүн, билбечүүмүн. Көрсө, буга чейин "караңгы" убакыт экен да. Аялдардын илимий иш кылууга шарттары болбоптур. Болсо да, аял эркектердин арасында билим алуу "уят" экен.
Заман өзгөрүп, бүгүн аз-аздан болсо да өзгөрүүлөр болуп жатканына кубанычтамын.
Бул инфографикага ишенсек, биздин өлкөбүз эгемендүү болгондон бери алтын медаль ута элек экен. Бул жылы жакшы спортчулар бар дешет, бирок алар жөнүндө буга чейин укпаптырмын. Эмнеге Пекинде өзүн жакшы көрсөткөн спортчулар бул олимпиадага барган жогун билбейм. Спортту таштап салышса керек. Кантсе да, биздин өлкөдө спорт гана менен оокат кыла албайсың.
Олимпиада башталганына бир жума болду, бирок азырынча натыйжа жок. Күрөшчүлөргө чоң үмүттөр бар. Буга чейин күмүш жана коло медалдарды күрөш жана дзюдо боюнча алганбыз кантсе да.