ЭЭМлардын өнүгүшүнүн таңында алар абдан чоң, бир нече бөлмөлөрдөн турган аггрегаттар эле. Алардын борбор процессору жана адамдар иштеген бир нече терминалы бар болгон. Ондогон жылдардан кийин ал ЭЭМлардын көлөмү кичирейип, жеке компьютерлер популярдуу болушу "бир процессор - бир терминал" деген ойго элди көндүрдү.
Бирок биздин күндөрү интернеттин, көп компьютерлерден турган кубаттуу дата-борборлордун өнүгүшү менен биз "бир борбордук процессор - көп терминал" деген концепцияга алып келди.
Документтерибизди Google Docsдо сактайбыз, сүрөттөрдү Picasa, Flickr да, файлдарыбызды Dropboxто, жазган программаларыбыздын кодун Github, Bitbucketде, пландарыбыз Google Calendar да, кыска тексттерди Evernote то, кино-, мульт-чыгармаларды youtube, vimeo, blive.kg ден көрсөк болот. Жеке компьютер дүйнөлүк интернеттеги серверлердин терминалы болуп, баштапкы концепцияга кайрылып келдик. Жеке компьютерлер өнүгүп жатканда мындай болоорун эч ким билген эмес. Келечекте кандай түрдө иштейт экенбиз? Ошол жөнүндө төмөндө ой-толгоолоруңузду калтырыңыз.