Даарыланып жаткандар күндүзү сыртта эс алып, түнкүсүн шахтанын ичинде укташат. Туз абадагы бүткүл микроорганизмдерди жок кылып, адамдардын өпкөлөрүнө бул таза аба пайда келтирет.
Түнөөгө жараган шахталар 100 метрге чейин тоо тарапка созулат. Андан ары иштелип жаткан шахта бир чакырымга чейин тоонун ичине кирген.
Шахтанын ичинде 1500 жыл мурун сель учуранда үңкүргө калып калган адамдардын нерселери жана айбандарынын калдыктары табылган. Шахтанын дубалынан шырдак, туш кийиз, эчкинин, топоздун баласынын сөөк, тери, жүндөрү көрүнүп турат.
Мен ал жерде бир күн түнөдүм, кызык болду. Ичи караңгы, суук, жымжырт. Коркконум бир эле, жер титирөө болуп кетип шахтанын ичинде калып каламбы деген. Бирок түн тынч өттү.
Эгер Кочкордун жанынан өтүп бара жатсаңыз бул жерге сөзсүз кирип кеткиле.