2002 жыл, Ысык-Көл. "Демократия" жайкы лагери Кыргызстандын ар четинен жаш кыз-жигиттерди бир жерде чогултуп, ар кандай кызыктуу тренингдерди, оюндарды өткөзүп жатты. "Гендердик теңдештик" деген тренингде отурам, анын так мазмунун эстей албайм азыр, бирок негизги ою — бул турмуштун ар кайсы тарабында аялдардын эркектерге караганда укуктарынын аздыгы. 1—1.5 саат мээге бул тема жөнүндө маалымат куюп, аягында "Эми, эркектер, аялдар тең дегендер, бул тарапка чогулгула. Ким эркектер аялдарга караганда акылдуурак дегендер ордуңарга калгыла" дешти. Отурган балдар-кыздардын баары туруп, тиги тарапка жөнөштү, мен жалгыз ордумда калдым. Албетте, суроо кетти "Эмнеге антип ойлойсуң?" деген. Мен ага чейин бир фактка абдан кызыккам, эмнеге физика, химия, математика окуу китептеринде аялдардын аттары абдан аз деп. Болгону — Мария Кюри жана Софья Ковалевская. Андан ары кандай дискуссия болгону эсимде жок, бирок тренингдин алып баруучулары өзүнүн көз караштарын мага ишендире алышкан жок.
Азыр блогдор, илимий фильмдер аркылуу илимий жаңылыктарды билип турам. Изилдөөчү аялдардын аттары көп кезигет.
Чынын айтсам, мектепте тарыхты (негизи, гуманитардык сабактарды) жаман көрчүмүн, билбечүүмүн. Көрсө, буга чейин "караңгы" убакыт экен да. Аялдардын илимий иш кылууга шарттары болбоптур. Болсо да, аял эркектердин арасында билим алуу "уят" экен.
Заман өзгөрүп, бүгүн аз-аздан болсо да өзгөрүүлөр болуп жатканына кубанычтамын.