пятница, 23 июля 2010 г.
Сингапур
Жекшемби күнү Сингапурга барам, буйруса. Сингапур мен каттаган төртүнчү өлкө болот. Досум Султан Иманходжаевдин айтканы боюнча, Сингапур Куала-Лумпурга салыштырмалуу абдан өнүккөн деген. Анын сөздөрүн өз көзүм менен көрүп келишим керек.
Сингапурдун тарыхын окуп, таң калам да, мынча кыска мөөнөттүн ичинде абдан өнүккөнүнө. Болгону туура башкарып, паракорлукту жок кылышып, салыктар караштуу мыйзамдарды киргизиши себеп болгон ага.